# 23-берене. Медиацияны токтотуу

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111668)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 161 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 256 "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2479/edition/1278995/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111668/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 23-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-23

---

Медиация төмөнкү учурларда токтотулат:

1) тараптар медиациялык келишимге кол койгондо - мындай макулдашууга кол коюлган күндөн тартып;

2) талашты медиация жолу менен жөнгө салуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар медиатор тарабынан белгиленгенде - мындай жагдайлар белгиленген күндөн тартып;

3) талашты медиация жолу менен жөнгө салуу мүмкүн эместигине байланыштуу медиациядан бир, бир нече же бардык тараптар жазуу жүзүндө баш тартканда - тараптар жазуу жүзүндөгү баш тартууга кол койгон күндөн тартып;

4) тараптардын бири медиацияны улантуудан жазуу жүзүндө баш тартканда - жазуу жүзүндөгү баш тартуу медиаторго жана башка тарапка жөнөтүлгөн күндөн тартып;

5) медиация жүргүзүүнүн мөөнөтү бүткөндө - ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен бул мөөнөт бүткөн күндөн тартып;

6) жеке жак болуп саналган тараптардын бири каза болгондо же юридикалык жак болуп саналган тараптардын бири жоюлганда - жеке жак каза болгон күндөн тартып же юридикалык жактын ишин кыскартуу катталган күндөн тартып.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-24)
