# 20-берене. Маалыматтык жолугушуу

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111668)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 161 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 256 "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 166 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/112652)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668#diff=1278995..1278996>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2479/edition/1278995/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111668/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 20-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-20

---

1. Судья, арбитр, тергөөчү өз өндүрүшүндө турган талаштын же кылмыш ишинин тараптарын маалыматтык жолугушууга жиберүүгө укуктуу.

Жаза аткаруу тутумунун, пробация органынын кызматкерлери соттолгонду жаза өтөө мезгилинде маалыматтык жолугушууга жөнөтүүгө укуктуу.

2. Судьянын, арбитрдин, тергөөчүнүн жиберүүсү боюнча медиатор менен маалыматтык жолугушуудан тараптардын баш тартууга укугу жок.

3. Маалыматтык жолугушууну жүргүзүү убагында медиатор:

1) талаштын тараптарына медиациянын маңызын жана принциптерин түшүндүрөт;

2) тараптар талашты медиациянын алкагында жөнгө салуу жөнүндө өз ара макулдукка келген учурда медиацияны колдонуу жөнүндө келишимдин шарттарын макулдашат.

(КР 2023-жылдын 8-августундагы N 166 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-21)
