# 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111668)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 161 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 256 "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 166 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/112652)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668#diff=1278995..1278996>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2479/edition/1278995/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111668/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 2-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) медиация - талашкан тараптардын өз ара алгылыктуу макулдашуусуна жетишүү максатында алардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен медиатордун (медиаторлордун) көмөк көрсөтүүсүндө талашты жөнгө салуу жол-жобосу;

2) медиатор - ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берүүчү, медиацияны жүргүзүүдө тараптарга жардам көрсөтүүчү көз карандысыз жеке жак;

3) медиация тараптары - талашты медиация аркылуу жөнгө салууга макулдугун билдирген жеке жактар жана (же) юридикалык жактар;

4) медиацияны колдонуу жөнүндө келишим - талашты медиация жүргүзүү жолу менен жөнгө салуу жөнүндө тараптардын жана медиатордун ортосунда түзүлө турган жазуу жүзүндөгү макулдашуу;

5) медиациялык макулдашуу - медиациянын натыйжасында тараптардын ортосунда жетишилген сот өндүрүшүнүн бардык баскычтарында (сотко чейинки өндүрүш, соттук териштирүү мезгилинде жана жаза аткаруу мезгилинде), талашты жөнгө салуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү макулдашуу;

6) медиаторлор уюму - медиация жүргүзүү боюнча медиаторлордун жардам көрсөтүүсүнүн методикалык жана уюштуруучулук-укуктук шарттарын камсыз кылуу максатында медиаторлорду ыктыярдуу негизде бириктирүү үчүн түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм;

7) медиаторлорду кесиптик окутуу боюнча уюм - медиаторлорду окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;

8) маалыматтык жолугушуу - медиация жол-жобосунун маңызын түшүндүрүү үчүн талаштын, тараптары менен медиатордун жолугушуусу;

9) сертификат - медиатордун кошумча билим алгандыгын тастыктоочу документ;

10) медиатордун күбөлүгү - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык медиатор статусун ыйгаруу тууралуу документ.

(КР 2023-жылдын 8-августундагы N 166 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-3)
