# 18-берене. Медиация жүргүзүү шарттары

- Документ: [Медиация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111668)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 161 "Медиация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.11.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 256 "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034356)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 166 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/112652)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668#diff=1278995..1278996>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2479/edition/1278995/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111668/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медиация жөнүндө, 18-берене (14.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-18

---

1. Медиация жол-жобосу медиацияны колдонуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурдан тартып башталат.

2. Медиация сотко кайрылганга чейин да, соттук териштирүүнүн, бейтарап соттук териштирүүнүн жана аткаруу өндүрүшүнүн, ошондой эле жазаны өтөө убагында да жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Медиация тараптары медиация жол-жоболоруна жеке өздөрү катышат. Эгерде тараптардын бири жүйөлүү себептер боюнча медиация жол-жобосуна жеке өзү катыша албаса, катышууга өзүнүн өкүлүнө ыйгарым укук берет, өкүлдүн ыйгарым укуктары мыйзамга ылайык жол-жоболонот.

4. Тараптар медиация жол-жобосунун жүрүшүндө өз өкүлдөрүнүн (адвокаттарынын), котормочулардын, ошондой эле тийиштүү багыттагы адистердин жардамынан пайдалана алат. Тараптардын макулдугу менен медиация процессине башка адамдар да катышуусу мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 8-августундагы N 166 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111668/st-19)
