2-берене
Күчүндө · 28.07.2017 редакциясы
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-статьянын онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- жеке идентификациялык номер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана жекече (индивидуалдык) эсепке алуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, бул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу индивидуалдык номер;".
Берененин тексти 28.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Ички жер которуу жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 133
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111667/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө", "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>