# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө", "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111667)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 160 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө", "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111667/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2478/edition/823341/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111667/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө", "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (28.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111667/st-1

---

"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын үчүнчү абзацында "мыйзамдарда" деген сөздөрдөн кийин "жана ушул Мыйзамдын 71-статьясында" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 7-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Социалдык жактан коргоонун жаңы күбөлүгүн берүү ушул Мыйзамдын 71-статьясында, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, жеке идентификациялык номерин өзгөртпөстөн жүргүзүлөт.";

3) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 71-статья менен толукталсын:

"71-статья. Жеке идентификациялык номерди өзгөртүү Ыйгарылган жеке идентификациялык номер төмөнкү учурларда өзгөртүлөт:

- жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда туулган күнүн өзгөрткөндө;

- эки жана андан көп жарандын жеке идентификациялык номерлери бирдей болуп калганда;

- ыйгарылган жеке идентификациялык номеринде жынысы жана туулган күнү жөнүндө маалыматтар ката көрсөтүлгөндө.

Ыйгарылган жекече идентификациялык номерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында каралган негиздер боюнча, ошондой эле жекече идентификациялык номерди ыйгарууда 2017-жылдын 1-июлуна чейин жол берилген техникалык каталыктарга байланыштуу өзгөчө тартипте жол берилет. Жеке идентификациялык номерди ыйгаруунун жана өзгөртүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111667/st-2)
