# 9-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111664)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2475/edition/1277133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111664/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө, 9-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-9

---

1. "Баатыр эне" ордени менен энелер - жети жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

2. "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, жетинчи бала бир жашка толгондо жана башка балдары тирүү болгондо жүргүзүлөт.

3. "Баатыр эне" ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:

1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан көп убакыт өтсө жана багып алынган балдар чогуу жашаса;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

4. "Баатыр эне" ордени төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын медалдарынын алдына тагылат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-10)
