9-берене
09.08.2023 редакциясы · 2-глава
1. "Баатыр эне" ордени менен энелер - жети жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.
2. "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, жетинчи бала бир жашка толгондо жана башка балдары тирүү болгондо жүргүзүлөт.
3. "Баатыр эне" ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:
1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан көп убакыт өтсө жана багып алынган балдар чогуу жашаса;
2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.
4. "Баатыр эне" ордени төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын медалдарынын алдына тагылат.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-майындагы № 150 "Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.05.2021 · № 150
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-майындагы ПЖ № 151 "Республиканын көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 14.05.2022 · № 151
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111664/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>