# 8-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111664)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2475/edition/1277133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111664/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө, 8-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-8

---

1. "Достук" ордени менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар сыйланышат:

1) элдердин ортосундагы достук, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыгын бекемдөө ишиндеги жетишкендиктери үчүн;

2) эл аралык, коомдук, кайрымдуулук жана гуманитардык иштердеги жетишкендиктери үчүн;

3) өлкөнүн руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө жана көбөйтүүгө кошкон жеке салымы, адам укуктарын жана анын социалдык кызыкчылыктарын коргоо боюнча жигердүү иши үчүн.

2. "Достук" ордени төштүн сол тарабына, "Даңк" орденинен кийин тагылат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-9)
