# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111664)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2475/edition/1277133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111664/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө, 4-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-4

---

1. "Манас" ордени менен Кыргыз Республикасынын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн, ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар сыйланышат.

2. "Манас" орденинин төмөнкүдөй 3 даражасы бар:

1) I даражадагы "Манас" ордени;

2) II даражадагы "Манас" ордени;

3) III даражадагы "Манас" ордени.

"Манас" ордени менен сыйлоо ырааттуулукта - III даражадан I даражага карата жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Президенти жарандарды өзгөчө учурларда ушул бөлүктө белгиленген ырааттуулукту сактабастан "Манас" ордени менен сыйлай алат.

3. "Манас" ордени төштүн сол тарабына, Кыргыз Республикасынын башка ордендери менен медалдарынын алдына тагылат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-5)
