# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111664)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2475/edition/1277133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111664/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө, 3-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-3

---

1. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы жарандарга Кыргыз Республикасынын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өркүндөшү үчүн жасалган баатырдык менен байланышкан, мамлекет жана коом алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат.

2. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жана тиешелүү күбөлүктү тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.

3. "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси төштүн сол тарабында Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдарынын үстү жагына тагылат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-4)
