# 24-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111664)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2475/edition/1277133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111664/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө, 24-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-24

---

1. Сыйланган же ардак наамга татыктуу болгон адамдар мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде гана мамлекеттик сыйлыктан же ардак наамдан ажыратылат.

2. Мамлекеттик сыйлыктан ажыратуу сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыкты же ардак наамдын документин алып коюу үчүн негиз болуп саналат.

Алып коюлган мамлекеттик сыйлык же ардак наамдын документи мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүлүп берилет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-25)
