# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111664)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2021 года № 94 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных наградах и почетных званиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112276)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664#diff=1277134..1277135>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2475/edition/1277133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111664/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө, 2-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-2

---

1. Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамда белгиленген эң жогорку артыкчылык даражасы "Кыргыз Республикасынын Баатыры", Кыргыз Республикасынын ордендери, медалдары жана Ардак грамотасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик сыйлыктары белгиленет, алар төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1) жогорку категориядагы мамлекеттик сыйлык - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;

2) биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:

а) I даражадагы "Манас" ордени;

б) II даражадагы "Манас" ордени;

в) III даражадагы "Манас" ордени;

г) "Курманжан Датка" ордени;

д) "Данакер" ордени;

е) "Даңк" ордени;

ж) "Достук" ордени;

з) "Баатыр эне" ордени;

3) экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:

а) "Эрдик" медалы;

б) "Даңк" медалы;

в) "Эне даңкы" медалы;

4) үчүнчү категориядагы мамлекеттик сыйлык - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.

3. Кыргыз Республикасынын ардак наамдары төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1) биринчи категориядагы ардак наамдар:

а) "Кыргыз Республикасынын эл артисти";

б) "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу";

в) "Кыргыз Республикасынын эл акыны";

г) "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү";

2) экинчи категориядагы ардак наамдар:

а) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти";

б) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы";

в) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу";

г) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу";

д) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими";

е) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи";

ж) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти";

з) "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер";

и) "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер";

к) "Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер";

л) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер";

м) "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер";

н) "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер";

о) "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер";

п) "Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер";

р) "Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер";

с) "Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер";

т) "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер";

у) "Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер";

ф) "Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер";

х) "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер";

ц) "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик тутумунун эмгек сиңирген кызматкери".

(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-3)
