# 18-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111664)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2019 года № 106 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных наградах и почетных званиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111952)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664#diff=1277133..1277134>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2475/edition/1277133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111664/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө, 18-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-18

---

1. Мамлекеттик сыйлык менен кезектеги сыйлоо же ардак наам ыйгаруу мурда мамлекеттик сыйлык менен сыйланган же ардак наам ыйгарылган учурдан тартып 5 жылдан эрте эмес, жаңы сиңирген эмгеги үчүн жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Президенти өзгөчө учурларда 5 жылдык мөөнөт өткөнгө чейин адамды мамлекеттик сыйлык менен сыйлоого же ага ардак наам ыйгарууга укуктуу.

3. Даражалуу сыйлыктарды жана баатырдык, каармандык, тайманбастык жана эрдик көрсөткөнү үчүн берилүүчү сыйлыктарды кошпогондо, бир эле адам бир эле мамлекеттик сыйлык менен эки жолу сыйланбайт.

4. Аскердик, кызматтык же жарандык милдетин аткарууда баатырдык, каармандык, тайманбастык жана эрдик көрсөткөндүгү үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлоо көзү өткөндөн кийин да жүргүзүлүшү мүмкүн.

Мамлекеттин жана коомдун алдында өзгөчө эмгеги бар мурдагы мамлекеттик ишмерлерге (Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчыларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагаларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагаларына, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагаларына) ыйгарыла турган "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын кошпогондо, көзү өткөндөн кийин башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу жүргүзүлбөйт.

5. Көзү өткөндөн кийин сыйланган учурда, мамлекеттик сыйлык жана анын документтери аларды тагынуу укугусуз жакын туугандарына сактоо үчүн берилет.

6. Сыйланган адам каза болуп, ал тирүү кезинде мамлекеттик сыйлык тапшырылбай калган учурда, мамлекеттик сыйлык жана алардын документтери, ошондой эле ардак наамдардын документтери жакын туугандарына аларды тагынуу укугусуз сактоо үчүн берилет.

(КР 2019-жылдын 30-июлундагы № 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-19)
