# 17-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111664)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2475/edition/1277133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111664/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө, 17-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-17

---

1. Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сыйлоо же ардак наамды ыйгаруу жөнүндө жарлыкты чыгаруу, андан ары мамлекеттик сыйлыктарды же ардак наамдардын документтерин тапшыруу менен жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик сыйлыктарды жана ыйгарылган ардак наамдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча жана анын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана башка кызмат адамдары тапшыра алышат.

3. Сыйланган адамга мамлекеттик сыйлык жана сыйлоону ырастоочу документ берилет.

4. Ардак наам ыйгарылган адамга ардак наамды ыйгарууну ырастоочу документ берилет.

5. "Баатыр эне" орденинен тышкары, "Ак Шумкар" өзгөчө белгисине жана Кыргыз Республикасынын ордендерине дайыма тагынып жүрүү үчүн алардын кичирейтилген көчүрмөлөрү кошо тиркелет.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган адамдар мамлекеттик сыйлыктардын өзүн же алардын кичирейтилген көчүрмөлөрүн тагынып жүрө алышат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-18)
