# 15-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111664)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2019 года № 106 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных наградах и почетных званиях Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111952)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664#diff=1277133..1277134>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2475/edition/1277133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111664/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө, 15-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-15

---

1. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар өлкөнүн социалдык-экономикалык жана рухий дараметин арттырууга сиңирген эмгеги, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта, билим берүү жана медицина чөйрөсүндө, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, тарбия берүү, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде олуттуу жетишкендиктери үчүн сыйланышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган адамга "Ардак белги" төш белгиси берилет.

3. "Ардак белги" төш белгиси төштүн оң тарабына тагылат жана сыйланган адамдын ардак наамы болсо, Кыргыз Республикасынын ардак наамынын төш белгисинен кийин тагылат.

(КР 2019-жылдын 30-июлундагы № 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-16)
