# 13-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111664)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2475/edition/1277133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111664/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө, 13-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-13

---

1. "Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардак наамы жалпы элдик таанылууга ээ болгон мыкты көркөм образдарды, спектаклдерди, телеспектаклдерди, телефильмдерди, кинофильмдерди, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телеберүү жана радио чыгармаларын жараткан артисттерге, музыкалык аткаруучуларга, композиторлорго, дирижерлорго, режиссерлорго, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, төкмө акындарга, музыкалык, хор, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.

2. "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" ардак наамы ата мекендик адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү көркөм чыгарма жаратканы үчүн жазуучуларга ыйгарылат.

3. "Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардак наамы акындык чыгармачылыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошкон жана жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү көркөм чыгарма жаратканы үчүн акындарга ыйгарылат.

4. "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" ардак наамы живопистин, скульптуранын, графиканын, монументалдык, декоративдүү-колдонмо искусствонун жалпы элдик таанылууга ээ болгон көрүнүктүү чыгармаларын жараткан сүрөтчүлөргө ыйгарылат.

5. Кыргыз Республикасынын ардак наамына татыктуу болгондорго Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылат.

Төш белги төштүн оң тарабына, Кыргыз Республикасынын башка төш белгилеринин алдына тагылат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-14)
