# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111664)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2475/edition/1277133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111664/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө, 1-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-1

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын укуктук статусун, сыйлангандардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

Башка мыйзамдарда мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды киргизүүгө же белгилөөгө жол берилбейт.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды сыйлоонун жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоодогу жана чыңдоодогу, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциалын арттыруудагы салымын, ошондой эле мамлекет жана элдин алдындагы коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердин түрүндө сиңирген эмгегин таануунун жогорку формасы болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен Кыргыз Республикасынын жарандары, юридикалык жактары жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги бар чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет мамлекеттердин юридикалык жактары сыйланышат.

4. Мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын белгилерин, мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга документтердин сыпаттамаларын жана үлгүлөрүн, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга көрсөтүү, мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу, эсепке алуу жана сактоо, жупнускаларды берүү жана сыйлоо жана ыйгаруу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тартиби менен байланышкан жоболор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

5. Мамлекеттик сыйлыктардын жана ардак наамдардын аталыштары мамлекеттик жана расмий тилдерде белгиленет.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111664/st-2)
