# 9-берене. Тартип комиссиясынын төрагасынын жана төраганын орун басарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 9-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-9

---

1. Тартип комиссиясынын төрагасы:

1) Тартип комиссиясынын ишин уюштурат;

2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Тартип комиссиясынын атынан чыгат;

3) жыйналыштарды чакырат, Тартип комиссиясынын жыйналыштарынын кароосуна коюлуучу маселелерди аныктайт;

4) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына төрагалык кылат;

5) Тартип комиссиясынын ишинин натыйжаларын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;

6) Президентке, Жогорку Кеңешке, Судьялар кеңешине Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу маалымат берет;

7) Жергиликтүү соттордун ишин камсыздоочу, Жогорку сотко караштуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчисине Тартип комиссиясынын ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана методикалык жактан камсыз кылуучу бөлүмдүн иши тууралуу маалымат берет.

2. Тартип комиссиясынын төрагасы болбогон мезгилде анын ыйгарым укуктарын төраганын орун басары аткарат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-10)
