# 8-берене. Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 8-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-8

---

1. Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышын чакыруу Судьялар кеңешинин төрагасына жүктөлөт.

2. Чакыруу Тартип комиссиясынын үчтөн экисинен кем эмес курамы түзүлгөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышы өткөрүлбөсө, аны өткөрүүнү уюштурууну Президент жүзөгө ашырат.

3. Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышында:

1) Судьялар кеңешинин төрагасы Тартип комиссиясынын мүчөлөрүн атап көрсөтөт;

2) Тартип комиссиясынын укуктуу курамынын көпчүлүк добушу менен, ачык добуш берүү аркылуу Тартип комиссиясынын төрагасы, төраганын орун басары бир жылдык мөөнөткө шайланат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-9)
