# 7-берене. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 7-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-7

---

1. Тартип комиссиясынын мүчөсү ыйгарым укуктарын төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотот:

1) арыз бергенде;

2) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда;

4) соттун айыптоочу өкүмү же болбосо жазыктык куугунтуктоону реабилитацияланбай турган негиздер боюнча токтотуу жөнүндө токтому мыйзамдуу күчүнө киргенде;

5) аны аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;

6) өлгөндө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;

7) аны дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенде;

8) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына бир жылдын ичинде үч же андан көп ирет жүйөсүз себептер менен келбей койгондо;

9) тартип бузуунун материалы боюнча купуя маалыматты ачыктаганда;

10) анык эмес маалымат бергендигинин фактылары айкындалганда.

2. Тартип комиссиясынын судья жана мамлекеттик кызматкер болуп саналган мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары судьялардын ыйгарым укуктары токтотулган жана мамлекеттик кызматкер кызмат ордунан бошотулган учурларда да мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

3. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу Тартип комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-8)
