# 6-берене. Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 6-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-6

---

1. Тартип комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү комиссиянын биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып 3 жылды түзөт.

2. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, жаңы мүчө ыйгарым укуктардын калган мөөнөтүнө тиешелүү орган тарабынан Судьялар кеңешине бир айдан кеч эмес мөөнөттө, гендердик өкүлчүлүктүн талаптарын эске алуу менен сунушталууга тийиш.

3. Бир эле адам катары менен экиден ашык мөөнөткө Тартип комиссиясынын мүчөсү боло албайт.

4. Тартип комиссиясынын курамын түзгөн органдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаган же токтогон, парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын курамы өзгөргөн учурда, Тартип комиссиясынын мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну мөөнөтү аяктаганга чейин уланта берет.

5. Тартип комиссиясынын жаңы курамын түзүү аракеттеги курамдын ыйгарым укуктары аяктаганга чейин 3 ай калганда башталат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-7)
