# 5-берене. Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 5-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-5

---

1. Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлердин курагы 40 жаштан кем болбоого, юридикалык жогорку билими, юридикалык адистик боюнча 15 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы жана кынтыксыз аброю болууга тийиш. Судьялык коомдоштуктан сунушталган талапкерлер судьялык кызмат ордунда кеминде 5 жыл иш стажына ээ болууга тийиш.

2. Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө төмөнкүдөй адамдар талапкер боло албайт:

1) соттуулугу барлар, анын ичинде соттуулугу жоюлгандар же алып салынгандар;

2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда судьянын кызмат ордунан бошотулгандар;

3) укук коргоо органынын кызматкеринин наамына шек келтиргендигине байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулгандар же адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиядан ажыратылгандар;

4) кылмыш жасагандыгына шектелгендер же айыпталгандар же болбосо жазыктык куугунтуктоо реабилитацияланбай турган негиздер боюнча токтотулгандар;

5) саясий партиялардын мүчөсү болуп саналгандар;

6) чет мамлекеттин жарандыгы барлар же Кыргыз Республикасынын жарандыгы жоктор.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-6)
