# 4-берене. Тартип комиссиясын түзүү жана анын курамы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 4-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-4

---

1. Тартип комиссиясы 9 мүчөдөн турат жана Президент, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (мындан ары - Судьялар кеңеши) тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша, комиссия курамынын үчтөн бир бөлүгү түзүлөт.

Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар кеңеши гендердик өкүлчүлүктүн талаптарын эске алуу менен Тартип комиссиясынын 3төн мүчөсүн сунуштайт.

2. Тартип комиссиясы анын курамынын кеминде үчтөн экиси түзүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.

3. Тартип комиссиясынын курамына Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун төрагалары, төрагаларынын орун басарлары, Жогорку Кеңештин депутаттары, прокурорлор, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, адвокаттар, Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрү кире албайт.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-5)
