# 3-берене. Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 3-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-3

---

1. Тартип комиссиясы:

1) судьялардын тартип жоопкерчилиги тууралуу маселелерди карайт;

2) тартип бузуу жоруктарын жасаганы үчүн судьяларга карата тартип жазаларын салат;

3) судьяларды сот тартибинде берилүүчү жазыктык жана административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берет;

4) судьяларды жазыктык жоопкерчиликке тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, аны кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө макулдук берет;

5) кынтыксыздык талаптарын бузган учурда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Жогорку соттун Конституциялык палатасы) судьясын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) сунуштама киргизүү үчүн жана жергиликтүү соттун судьясын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) сунуш киргизет;

6) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Өз ишин натыйжалуу уюштуруу максатында Тартип комиссиясы иштөө регламентин иштеп чыгат жана бекитет.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-4)
