3-берене. Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
1. Тартип комиссиясы:
1) судьялардын тартип жоопкерчилиги тууралуу маселелерди карайт;
2) тартип бузуу жоруктарын жасаганы үчүн судьяларга карата тартип жазаларын салат;
3) судьяларды сот тартибинде берилүүчү жазыктык жана административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берет;
4) судьяларды жазыктык жоопкерчиликке тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, аны кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө макулдук берет;
5) кынтыксыздык талаптарын бузган учурда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Жогорку соттун Конституциялык палатасы) судьясын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) сунуштама киргизүү үчүн жана жергиликтүү соттун судьясын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) сунуш киргизет;
6) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Өз ишин натыйжалуу уюштуруу максатында Тартип комиссиясы иштөө регламентин иштеп чыгат жана бекитет.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>