# 28-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 28-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-28

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды

2. Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар кеңеши ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен 2 айлык мөөнөттө Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин түзсүн.

3. Судьялар кеңеши:

1) Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн экиси түзүлгөндөн кийин 10 күндүк мөөнөттө биринчи жыйналышты уюштурсун;

2) 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин келип түшкөн кайрылууларды алар келип түшкөн учурда колдонууда болгон ченемдерге ылайык кароону камсыз кылсын.

4. Тартип комиссиясы:

1) биринчи жыйналыш өткөрүлгөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өзүнүн иш регламентин иштеп чыксын жана бекитсин;

2) 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенден кийин келип түшкөн кайрылууларды ушул Мыйзамда белгиленген эрежелер боюнча жана мөөнөттөрдө кароону камсыз кылсын.

5. Ыйгарым укуктуу орган Тартип комиссиясынын ишин камсыз кылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3 айдын ичинде ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-27)
