# 27-берене. Тартип комиссиясынын ишин уюштуруу жана камсыздоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 27-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-27

---

1. Тартип комиссиясынын катчылыгынын функциялары ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлөт.

2. Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган мүчөлөрү өз иштерин коомдук башталышта жүргүзөт жана алардын негизги жумуш орду боюнча эмгек акысы сакталып турат. Мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган мүчөлөр Тартип комиссиясында иштеген убакта өз кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат.

3. Тартип комиссиясынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турбаган мүчөлөрүнө ай сайын материалдык сый акы төлөнөт. Материалдык сый акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө, ыйгарым укуктуу орган тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

4. Тартип комиссиясынын региондордон келген мүчөлөрүнө иш сапарынын чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте төлөнүп берилет.

5. Тартип комиссиясынын ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана методикалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынан финансыланат.

Тартип комиссиясын материалдык, техникалык жана методикалык жактан камсыз кылууну жакшыртуу максатында эл аралык уюмдардын каражаттары тартылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-28)
