25-берене. Тартип комиссиясынын актысын аткаруу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
1. Тартип комиссиясынын чечими ал жарыя кылынган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
2. Тартип комиссиясынын чечиминин көчүрмөлөрү ал кабыл алынгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Судьялар кеңешине, судья иштеп жаткан сотко, судьянын өздүк ишине тиркөө үчүн ыйгарым укуктуу органга жана ага карата чечим кабыл алынган судьянын өзүнө жөнөтүлөт.
3. Кайрылуу берген адамга кабыл алынган чечим тууралуу билдирилет. Анын арызы боюнча ага чечимдин көчүрмөсү берилет.
4. Судьяны ээлеп турган кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуш Тартип комиссиясынын чечимин даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин Президентке жөнөтүлөт. Тартип комиссиясынын чечими сотко даттанылган учурда, сунуш сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жөнөтүлөт.
5. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен Башкы прокурорго жөнөтүлөт.
6. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жана судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу чечим ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, Президентке жөнөтүлөт.
7. Судьяны сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирилбестен тиешелүү мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-25" title="25-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>