# 23-берене. Тартип комиссиясынын чечиминин мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 23-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-23

---

Тартип комиссиясынын чечиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) Тартип комиссиясынын курамы;

2) кайрылуу каралган дата;

3) тартип жоопкерчилигине тартылган судьянын фамилиясы, аты жана кызмат орду;

4) кайрылуунун жана судьянын түшүндүрмөсүнүн мазмуну;

5) иштин кызматтык иликтөөдө аныкталган жагдайлары;

6) кабыл алынган чечимдин негиздери;

7) судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө кайрылууну канааттандыруу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу тууралуу тыянак;

8) тартип жоопкерчилигине тарткан учурда, судьяга салынуучу тартиптик жазанын түрү;

9) судьяны жазыктык же административдик жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө макулдук берүү же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу тууралуу тыянак;

10) чечимди даттануунун тартиби, эгерде ал даттанууга жатса.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-24)
