23-берене. Тартип комиссиясынын чечиминин мазмуну
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
Тартип комиссиясынын чечиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Тартип комиссиясынын курамы;
2) кайрылуу каралган дата;
3) тартип жоопкерчилигине тартылган судьянын фамилиясы, аты жана кызмат орду;
4) кайрылуунун жана судьянын түшүндүрмөсүнүн мазмуну;
5) иштин кызматтык иликтөөдө аныкталган жагдайлары;
6) кабыл алынган чечимдин негиздери;
7) судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө кайрылууну канааттандыруу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу тууралуу тыянак;
8) тартип жоопкерчилигине тарткан учурда, судьяга салынуучу тартиптик жазанын түрү;
9) судьяны жазыктык же административдик жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле судьяны кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө макулдук берүү же болбосо макулдук берүүдөн баш тартуу тууралуу тыянак;
10) чечимди даттануунун тартиби, эгерде ал даттанууга жатса.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>