# 20-берене. Кайрылуу боюнча Тартип комиссиясынын чечим кабыл алуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 20-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-20

---

1. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча Тартип комиссиясы чечим кабыл алат.

2. Тартип комиссиясынын чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

Кызматтык иликтөө жүргүзгөн Тартип комиссиясынын мүчөсү чечим кабыл алууга катышууга укугу жок.

3. Тартип комиссиясынын чечими кеңешүүчү бөлмөдө кабыл алынат.

Тартип комиссиясынын төрагасы, ал болбогондо төраганын орун басары Тартип комиссиясынын чечиминин корутунду бөлүгүн жарыя кылат, ал эми Тартип комиссиясы чечимдин корутунду бөлүгү жарыя кылынган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жүйөлөнгөн чечим даярдайт. Тартип комиссиясынын кабыл алынган чечим боюнча өзгөчө пикири бар мүчөсү аны жүйөлөрүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндө баяндай алат. Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн өзгөчө пикири комиссиянын чечими менен бирге жарыя кылынат.

4. Чечимге төрагалык кылуучу жана Тартип комиссиясынын кайрылууну кароого катышкан мүчөлөрү кол коёт.

5. Судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу тууралуу маалымат Тартип комиссиясынын веб-сайтында (веб-баракчада) жарыяланат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-21)
