# 2-берене. Тартип комиссиясынын статусу, укуктук негизи жана иштөө принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 2-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-2

---

1. Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык түзүлгөн көз каранды эмес коллегиялуу орган болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары Тартип комиссиясынын ишинин укуктук негизи болуп саналат.

3. Териштирүүнүн көз карандысыздыгы, мыйзамдуулугу, объективдүүлүгү, адилеттүүлүгү, коллегиялуулугу, тикелейлиги, айкындыгы, ачыктыгы, оозекилиги, иликтөөнүн объективдүүлүгү, териштирүүгө катышуучулардын тең укуктуулугу Тартип комиссиясынын иштөөсүнүн негизги принциптери болуп саналат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-3)
