# 18-берене. Тартип комиссиясынын жыйынында кайрылууну кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 18-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-18

---

1. Тартип комиссиясында кайрылуу аны кызматтык иликтөө аяктаган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен каралат. Үстүнөн кайрылуу берилген судья жүйөлүү себептер боюнча болбогон мезгил бул мөөнөткө кирбейт.

2. Үстүнөн кайрылуу берилген судья ишти жабык жыйналышта кароону өтүнгөн учурларды кошпогондо, Тартип комиссиясынын жыйналыштары ачык өткөрүлөт.

3. Кайрылууну кароо Тартип комиссиясынын кызматтык иликтөөнү жүргүзгөн мүчөсүнүн маалымкатын билдирүү менен башталат.

4. Үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жана кайрылуу берген адам Тартип комиссиясынын жыйналышына катышууга укуктуу.

5. Үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жана кайрылуу берген адам жыйналыш өтүүчү күн жана жер тууралуу кабарландырылат. Алардын жүйөсүз себептер боюнча келбей калуусу кайрылууну кароого тоскоолдук кылбайт.

6. Үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жана кайрылуу берген адам иштин материалдары менен таанышууга, түшүндүрмө берүүгө жана өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Тартип комиссиясы башка адамдарды да угууга, документтерди жана башка материалдарды иликтөөгө укуктуу.

7. Судьянын аракеттеринен кылмыш белгилери табылган учурда, Тартип комиссиясы тартип бузуу жөнүндө материалдарды Башкы прокурорго өткөрүп берет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-19)
