18-берене. Тартип комиссиясынын жыйынында кайрылууну кароонун тартиби
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139.
1. Тартип комиссиясында кайрылуу аны кызматтык иликтөө аяктаган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен каралат. Үстүнөн кайрылуу берилген судья жүйөлүү себептер боюнча болбогон мезгил бул мөөнөткө кирбейт.
2. Үстүнөн кайрылуу берилген судья ишти жабык жыйналышта кароону өтүнгөн учурларды кошпогондо, Тартип комиссиясынын жыйналыштары ачык өткөрүлөт.
3. Кайрылууну кароо Тартип комиссиясынын кызматтык иликтөөнү жүргүзгөн мүчөсүнүн маалымкатын билдирүү менен башталат.
4. Үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жана кайрылуу берген адам Тартип комиссиясынын жыйналышына катышууга укуктуу.
5. Үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жана кайрылуу берген адам жыйналыш өтүүчү күн жана жер тууралуу кабарландырылат. Алардын жүйөсүз себептер боюнча келбей калуусу кайрылууну кароого тоскоолдук кылбайт.
6. Үстүнөн кайрылуу түшкөн судья жана кайрылуу берген адам иштин материалдары менен таанышууга, түшүндүрмө берүүгө жана өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Тартип комиссиясы башка адамдарды да угууга, документтерди жана башка материалдарды иликтөөгө укуктуу.
7. Судьянын аракеттеринен кылмыш белгилери табылган учурда, Тартип комиссиясы тартип бузуу жөнүндө материалдарды Башкы прокурорго өткөрүп берет.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111654/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>