# 14-берене. Кайрылууну кайтарып берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 14-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-14

---

1. Тартип комиссиясы кайрылууну маңызы боюнча карабастан төмөнкү учурларда кайтарып берет:

1) эгерде ал ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган талаптарга ылайык келбесе;

2) кайрылуу чакыртып алынганда;

3) эгерде анда сот актысы даттанылса;

4) эгерде анда камтылган талап Тартип комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирбесе;

5) эгерде ал мурда каралса жана ал жаңы жүйөлөрдү камтыбаса.

2. Кайрылууну кайтарып берүү жөнүндө чечим Тартип комиссиясынын жыйналышында кабыл алынат. Кайрылуу комиссиянын төрагасынын же төраганын орун басарынын колу коюлган жүйөлөнгөн кат менен авторго кайтарылат.

3. Кайрылууну ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарып берүү кемчиликтерди жойгондон кийин кайрадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

4. Кайрылуу ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-6-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарылып берилгенде кайрадан кайрылуу берилген учурда бул кайрылуу каралууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-15)
