# 13-берене. Кайрылуунун формасына жана мазмунуна карата коюлуучу жалпы талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 13-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-13

---

1. Кайрылуу Тартип комиссиясына кат түрүндө же электрондук почта аркылуу берилет.

2. Жарандардын, юридикалык жактардын кайрылуусу Тартип комиссиясына даттануу түрүндө берилиши мүмкүн. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кайрылуусу сунуштама түрүндө жол-жоболонот.

3. Кайрылууда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) кайрылуунун авторунун фамилиясы, аты, атасынын аты, юридикалык жактын, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын аталыштары, даректери, бар болсо - телефон номерлери;

2) үстүнөн кайрылуу түшкөн судьянын фамилиясы;

3) кайрылууда сыпатталган аракеттер жасалган дата жана жер;

4) тартип бузуу жоругунун (сот тартибинде жаза салынуучу кылмыштын, административдик укук бузуунун) жагдайларынын кыскача сыпатталышы;

5) судьянын тартип бузуу жоругун (сот тартибинде жаза салынуучу кылмышты, административдик укук бузууну) жасагандыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү далилдер - алар бар болгондо;

6) кайрылуунун датасы жана автордун колтамгасы.

4. Электрондук почта аркылуу берилген кайрылууда автордун электрондук санариптик кол тамгасы да камтылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-14)
