# 10-берене. Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111654)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 139 "Об органах судейского самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112312)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2465/edition/1260389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111654/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө, 10-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-10

---

1. Тартип комиссиясынын мүчөсү:

1) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына катышат;

2) даттанууларды жана сунуштамаларды (мындан ары - кайрылуу) алдын ала кароону жүзөгө ашырат;

3) Тартип комиссиясынын кароосуна коюлган материалдар менен таанышат;

4) кызматтык иликтөө жүргүзөт, материалдарды изилдейт жана текшерет;

5) каралып жаткан маселе боюнча далилдүү жана негиздүү жүйөлөрдү келтирет;

6) ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алууга катышат;

7) Тартип комиссиясынын чечимдерине кол коет;

8) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Тартип комиссиясынын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Тартип комиссиясынын компетенциясына кирген маселелерди кароодо калыс жана объективдүү болууга;

2) тартиптик материалда камтылган купуя маалыматты ачыктабоого;

3) эгерде чечим кабыл алынып жаткан адам анын жакын тууганы болуп саналса, Тартип комиссиясынын жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселени кароодо өзүн өзү четтетүү билдирүүгө.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111654/st-11)
