Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «2017-жылдын 30-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү „Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү“ долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана 2017-жылдын 31-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы „Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү“ долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 25-июлу № 144 2017-жылдын 30-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү "Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана 2017-жылдын 31-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2017-жылдын 21-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Төмөнкүлөр ратификациялансын:
- 2017-жылдын 30-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү "Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү" долбоору боюнча алмашуу ноталары;
- 2017-жылдын 31-мартында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү" долбоору боюнча гранттык макулдашуу.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги япониялык тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашуу жолу менен түзүлгөн эл аралык келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.