# 2612-берене. Арызды кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111648)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111648/st-2612>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2459/edition/820550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111648/st-2612.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2612-берене (25.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111648/st-2612

---

1. Арыз ал келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечим беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат.

2. Арызды сот талапты билдирген прокурордун жана эгерде алардын турган орду белгилүү болсо, арызда көрсөтүлгөн жактардын катышуусу менен карайт. Сот жыйналышынын убагы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабардар кылынган арызда көрсөтүлгөн жактардын сотко келбөөсү ишти кароого жана чечүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Эгерде арызда көрсөтүлгөн жактардын турган орду белгисиз болгон учурда, сот арызды алардын катышуусусуз карайт.

---

Мурунку берене: [2611-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111648/st-2611)  
Кийинки берене: [2613-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111648/st-2613)
