# 2611-берене. Арызды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111648)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111648/st-2611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2459/edition/820550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111648/st-2611.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2611-берене (25.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111648/st-2611

---

1. Прокурор өз компетенциясынын чегинде экстремисттик же террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыз менен алар табылган же таркатылган жер же мындай материалдарды чыгарууну жүзөгө ашырган уюм жайгашкан жер боюнча, ушул Кодекстин 4-главасында белгиленген сотко караштуулук жөнүндө эрежелерди сактоо менен сотко кайрылууга укуктуу.

2. Прокурордун арызы боюнча сот чечим чыгарганга чейин ушул Кодекстин 14-главасында каралган тартипте маалыматтык материалдардын жеткиликтүүлүгүн убактылуу чектөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111648/st-1)  
Кийинки берене: [2612-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111648/st-2612)
