1-берене
Күчүндө · 25.07.2017 редакциясы
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 2, 141-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө ", 10 жылдык мөөнөткө" деген сөздөр "2030-жылга чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө:
- "кыюуга уруксат берилсин" деген сөздөр "кыюуга жол берилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "магистралдык жолдорду куруу," деген сөздөрдөн кийин "илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү," деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын
"Өзгөчө баалуу дарактардын породаларын кыюу токой чарбасын башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн, ошондой эле даярдалган жыгачтарды сатуудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобого ылайык токойду сактоого, коргоого, өстүрүүгө, токойдун өнүмдүүлүгүн жогорулатууга жана белгилүү бир түрдөгү кыйылган бир дарактын ордуна, тиешелүү түрдөгү 100 көчөттү олтургузуу пропорциясында компенсациялык чараларды колдонуу менен кыйылууга жаткан дарактарды калыбына келтирүү үчүн пайдаланылат.".
Берененин тексти 25.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111647/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>