# КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111647>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2458/edition/820300/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111647.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (25.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111647

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 25-июлу № 140 "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 22-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111647/st-1)

"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 2, 141-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө ", 10 жылдык мөөнөткө" деген сөздөр "2030-жылга чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүгүндө:

- "кыюуга уруксат берилсин" деген сөздөр "кыюуга жол берилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- "магистралдык жолдорду куруу," деген сөздөрдөн кийин "илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү," деген сөздөр менен толукталсын;

в) 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын

"Өзгөчө баалуу дарактардын породаларын кыюу токой чарбасын башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн, ошондой эле даярдалган жыгачтарды сатуудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобого ылайык токойду сактоого, коргоого, өстүрүүгө, токойдун өнүмдүүлүгүн жогорулатууга жана белгилүү бир түрдөгү кыйылган бир дарактын ордуна, тиешелүү түрдөгү 100 көчөттү олтургузуу пропорциясында компенсациялык чараларды колдонуу менен кыйылууга жаткан дарактарды калыбына келтирүү үчүн пайдаланылат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111647/st-2)

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 28-июлунда № 86 (2811) жарыяланды

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
