# КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111646>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2457/edition/820158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111646.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111646

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 25-июлу № 139 Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 29-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111646/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда:

а) 15-пункттунда:

расмий тилдеги "орошаемая" деген сөз алып салынсын; пункт "виноградниками," деген сөздөн кийин "залежи," деген сөз менен толукталсын; мамлекеттик тилдеги "эгилме аянттар" деген сөздөр "кысыр аңыздар, маданий жайыттар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) мамлекеттик тилдеги 26-пункттунда "күрөөгө калтырылган жерлер" деген сөздөр "кысыр аңыздар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) мамлекеттик тилдеги 30-статьянын 1-пункттунда "көптөн бери пайдаланылбаган" жана "көп жылдык бак-дарактар отургузулган жерлер" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "кысыр аңыздар" жана "көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлер" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) мамлекеттик тилдеги 74-статьянын 1-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Сугат жана кайрак жерлер, кысыр аңыздар, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлер, маданий жайыттар, чөп чабыктар жана түп-тамырынан жакшыртылган жайыттар өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине кирет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111646/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 1-августунда № 87 (2812) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
