# КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111645>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2456/edition/1289775/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111645.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111645

---

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 25-июлу № 138 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 15-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111645/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111645/st-44)

төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Эгерде жарандар жана юридикалык жактар ушул Кодекстин бир нече главаларында каралган администрациялык укук бузууларды бир убакта жасаса, анда ушул Кодекстин ар бир главасынын кыйла катаал администрациялык жаза-чараны караган тиешелүү бир статьясы колдонулат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111645/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 1-августунда № 87 (2812) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
