1-берене
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 532-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 32-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Тараптар өз ишин жеке же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу алып барышы мүмкүн. Тараптардын ар бири үчтөн ашык эмес өкүлгө ээ болушу мүмкүн. Өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте жол-жоболоштурулат.";
2) 45-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Конституциялык палатанын, жыйналыштын катышуучуларынын беделин коргоо жана конституциялык сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн талаптагыдай тартибин камсыз кылуу максатында Конституциялык палата тарабынан адамдарды сот жыйналышынын залынан чыгарып жиберүүгө же төмөнкү формалардын биринде көрүнүүчү бузуунун ар бир учуру үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартууга жол берилет:";
3) 52-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52-берене. Конституциялык палатанын актыларын аткаруу
1. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары ченемдик укуктук актылары кароонун предмети болгон тараптарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий басылмаларында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында", Конституциялык палатанын расмий сайтында, ошондой эле зарыл болгондо - жана башка басылмаларда жарыяланат.
2. Эгерде Конституциялык палатанын чечими менен конституциялык мыйзам, кодекс же мыйзам Конституцияга толугу менен же жарым-жартылай карама-каршы деп таанылган, же болбосо Конституциялык палатанын чечиминен укуктук жөнгө салууда боштукту четтетүү зарылдыгы келип чыккан учурларда, Өкмөт Конституциялык палатанын чечими анын расмий сайтына жарыялангандан кийин төрт айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңешке көрсөтүлгөн чечимден келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын же мыйзамдын долбоорун киргизет. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга жатат.
Конституциялык палатанын чечиминен келип чыгуучу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгелениши мүмкүн. Мындай долбоор Өкмөттүн корутундусу болгондо Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга жатат. Мыйзамдарга ылайык ченем чыгаруу ыйгарым укуктарына ээ болгон мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Конституциялык палатанын чечими анын расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен анын айрым бөлүгү конституциялык эмес деп таанылган өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын жокко чыгарат, жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алат же болбосо ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизет.
3. Конституциялык палатанын актыларын аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле Конституциялык палатанын ишине кийлигишүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.".
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111643/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>