# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111642)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111642/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2453/edition/819209/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу, 3-берене (20.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111642/st-3

---

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине чек ара аймактарында жайгашкан төмөнкү калктуу конуштар кирет:

- социалдык-экономикалык өнүгүүсү төмөн, калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгүнүн жана элдин агылып кетишинин кесепетинен кырдаал туруктуу эмес болгон;

- табигый-климаттык шарттары оор, өздөштүрүлүүсү начар жана аймактын негизги бөлүгүнө жетүү кыйын болгон;

- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келип чыгуу тобокелдиги, алардын кесепеттери негизги улуттук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтириши жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон.

Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Мында Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык критерийлерге ылайык келген калктуу конуштар киргизилет.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111642/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111642/st-2)
