# КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 130 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 130 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111637>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2448/edition/1133967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111637.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 130 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111637

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 20-июлу № 130 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясыны ылайык)

2017-жылдын 15-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111637/st-1)

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жарчысы, 2014-ж., № 7, 715-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада көрсөтүү үчүн электрондук башкаруунун архитектурасын пайдалануу тартиби "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат";

2) 3-берененин он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү электрондук формада көрсөтүү - мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу аралыктан көрсөтүү.";

3) 15-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк пункттары же болбосо электрондук формада Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу көрсөтүлөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111637/st-2)

(КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [3-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби](https://aqlex.ai/kg/doc/111637/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүнө кириши менен бир убакта күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 25-июлунда № 84-85 (2809-2810) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
