9-берене. Жөнөкөй электрондук колтамганы пайдалануу
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
1. Төмөнкү шарттардын бири аткарылганда электрондук документке жөнөкөй электрондук колтамга коюлду деп эсептелет:
1) жөнөкөй электрондук колтамга электрондук документтин өзүндө камтылат;
2) маалыматтык тутумду пайдалануу менен электрондук документти түзүү жана (же) жиберүү жүзөгө ашырыла турган маалыматтык тутумдун оператору тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык жөнөкөй электрондук колтамганын ачкычын көрсөтүү мындай маалыматтык тутумду пайдалануу менен электрондук документ түзүүнүн жана (же) жиберүүнүн зарыл шарты болот жана түзүлгөн (жиберилген) электрондук документте бул электрондук документ өзүнүн атынан түзүлгөн (жиберилген) жакты бир мааниде көрсөтүүчү маалымат камтылат;
2. Жөнөкөй электрондук колтамганы пайдаланууда колтамга текшерүү ачкычы, электрондук колтамга каражаттары жана колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты колдонулбайт.
3. Жөнөкөй электрондук колтамганы пайдалануу учурлары жана тартиби жөнөкөй электрондук колтамга коюлган электрондук документтердин өз колу коюлган кагаз түрүндөгү документтер менен тең мааниде экендиги каралган ченемдик укуктук актыларда жана (же) электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосундагы макулдашууларда белгиленет. Мындай актыларда жана макулдашууларда атап айтканда төмөнкүлөр каралышы керек:
1) электрондук документке кимдин атынан кол коюлгандыгын жөнөкөй электрондук колтамга боюнча аныктоо механизми;
2) жөнөкөй электрондук колтамга ачкычынын купуялуулугун сактоо милдети.
4. Күчөтүлгөн электрондук колтамга үчүн белгиленген эрежелер жөнөкөй электрондук колтамганы түзүүгө, берүүгө жана пайдаланууга карата колдонулбайт.
5. Жөнөкөй электрондук колтамгаларды мамлекеттик жашырын сырды түзүүчү маалыматтарды камтыган электрондук документтерге кол коюу үчүн пайдаланууга же мамлекеттик жашырын сырды түзүүчү маалыматтар камтылган маалыматтык тутумда пайдаланууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариаттык күбөлөндүрүүнү же мамлекеттик каттоону талап кылуучу электрондук документтерди түзүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111635/st-9" title="9-берене - Электрондук колтамга жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>