# 8-берене. Электрондук колтамганы пайдалануу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Электрондук колтамга жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111635)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 19-июлундагы № 128 "Электрондук колтамга жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2446/edition/985628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111635/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук колтамга жөнүндө, 8-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-8

---

1. Электрондук колтамганы пайдалануу чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген аткаруу бийлик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Ыйгарым укуктуу орган:

1) күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөөнү жүзөгө ашырат, анын ичинде бул күбөлөндүрүүчү борборлор ылайык келе тургандыгына аккредиттелген талаптардын сакталышын текшерүүнү жүзөгө ашырат жана алардын сакталбагандыгы табылган учурларда бузууларды четтетүү боюнча жазма эскертүүлөрдү берет;

2) аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлорго карата башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашырат.

3. Ыйгарым укуктуу орган маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды колдонуу менен төмөнкү маалыматтарга карата аларды сактоону жана сутка бою тоскоолдуксуз жеткиликтүү кылууну камсыз кылууга милдеттүү:

1) аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлордун аталыштарын, даректерин;

2) башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жокко чыгарылган квалификацияланган сертификаттардын реестрин;

3) аккредиттөөсү жокко чыгарылган күбөлөндүрүүчү борборлордун тизмегин;

4) аккредиттөөсү токтотулуп коюлган аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлордун тизмегин;

5) иши токтотулган аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлордун тизмегин;

6) ушул Мыйзамдын 15-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу органга өткөрүлүп берилген сертификаттардын реестрин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун иши токтотулган учурда реестрлерди жана башка маалыматты ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүүнүн тартибин;

2) квалификацияланган сертификаттардын реестрин түзүүнүн жана алып баруунун, ошондой эле мындай реестрлерден маалыматтарды берүү тартибин;

3) күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөөнүн эрежелерин, анын ичинде бул күбөлөндүрүүчү борборлор ылайык келе тургандыгына аккредиттелген талаптардын күбөлөндүрүүчү борборлор тарабынан сакталышын текшерүү тартибин.

5. Коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы аткаруу бийлик органы:

1) квалификацияланган сертификаттын формасына карата талаптарды белгилейт;

2) электрондук колтамга каражаттарына жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарына карата талаптарды белгилейт;

3) электрондук колтамга каражаттарынын жана күбөлөндүрүүчү борбордун каражаттарынын ушул Мыйзамга ылайык белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгын тастыктоону жүзөгө ашырат жана мындай каражаттардын тизмегин жарыялайт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111635/st-9)
